Тармактык Энциклопедия:ТАЙГАН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Canes Venatici) – асмандын Түн. жарым шарындагы анча чоң эмес топ жылдыз. Ал польш. астроном Я. Гевелий (1611 – 87) тарабынан белгиленген. Аталышы мифология б-ча эки иттин тизгинин кармаган Возничийден алынган. КМШнын орто кеңдигинен жыл бою көрүнүп турат.