Тармактык Энциклопедия:СТРАТОСТАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– стратосферага, б. а. 11000 мден ашык бийиктикке көтөрүлүүчү эркин аэростат. Адам түшө турган С-тын гондоласы жылчыксыз жасалып, жашоону камсыз кылуучу шарт түзүлөт. С-тын аба толтурулган кабыкчасынын толук көлөмү көтөрүлүү бийиктигине ж-а учуудагы массасына карата 14000ден 105000 м3га чейин болот. Стратосферанын төмөнкү катмарына чейин гана көтөрүлө турган С. субстратостат деп аталат. С-ка орнотулган илимий аппаратура аркылуу аба агымы, космос радиациясы ж. б. изилденет.