Тармактык Энциклопедия:СПЕКТРДИК ПАРАЛЛАКС
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– спектрдин түрлөрү ж-а абсолюттук жылдыз чоңдугу б-ча аныкталган параллакс. Спектри б-ча жылдызга чейинки аралыкты аныктоого ж-а анын мейкиндиктеги кыймылын изилдөөгө болот. Эгерде жылдыздын триг. параллаксын өлчөөгө мүмкүндүк болсо, анда жылдыздын спектринин түрү м-н абсолюттук чоңдугунун статикалык көзкарандылыгын аныктоого болот. Бул көзкарандылыкты тригонометриялык параллаксы белгисиз жылдыздарга да колдонуу м-н спектринин түрү б-ча башка жылдыздын абсолюттук чоңдугу аныкталат. Астрономдор ушул эле ыкма м-н жылдызга чейинки аралыкты аныктоого мүмкүндүк алышкан.