Тармактык Энциклопедия:САЛМАКСЫЗДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(weightlessness) – гравитация жок учурдагы эффект. Нерсенин гравитациялык талаадагы эркин түрдөгү алга умтулуу кыймылы учурунда пайда болуучу абал. Мис., космос кемеси Жердин атм-расынан сыртка чыкканда кыймылдаткычы иштеп бүткөндөн кийин ушундай абалда болот. Мындай абалдагы нерсе өзүнүн салмагын жоготот, б.а. нерсе өзү турган таянычка аракет этпей калат. О. эле нерсенин айрым бөлүктөрү дагы бири бирине аракет этпейт.

С. кезинде укмуштуудай физ. жаңы кубулуштар байкалат. Мис., космос кемесинин ичиндеги бекитилбеген буюмдар асылып турат же эркин түрдө бөлмөнүн ичинде калкып жүрө берет. Айрым бир майда бөлүкчөлөр – нандын күкүмү же суу тамчылары абага калкып чыгып космонавттардын иштешине өтө тоскоолдук кылат. Жерде күйүп жаткан ширеңке талынын жалыны жогору көздөй умтулганы байкалат. Ал эми космосто болсо жалындын формасы шар түрүндө болот да, кычкылтек жок болгондуктан дароо эле өчөт. Космосто жасалма жол м-н аралаштырбаса, суюктукта эч кандай конвекция жүрбөйт. С. космоско учуу ишинде эске алына турган эң маанилүү физ. кубулуштардын бири.


www.tema.ru