Тармактык Энциклопедия:СААТ АЛКАГЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1)Жер шарындагы ар бир 15отан кийин жүргүзүлгөн меридиандар м-н бөлүнгөн алкактар. Жер шарында 24 (0дөн 23кө чейин) С. а. бар. 2) Нөлдүк алкактын меридиандык орточо убактысы. Ал Гринвич меридианы б-ча аныкталат. Нөлдүк алкакка Англия, Эйре, Франция, Белгия, Голландия, Испания, Португалия, 1-алкакка Норвегия, Швеция, Дания, Германия, Швейцария, Италия мамлекеттери кирет. Москва 2-алкакта. КМШнын территориясы 11 С. а-нда жатат.