Тармактык Энциклопедия:РЕФЛЕКТОР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– күзгүлүү объектив м-н жабдылган телескоп. Ал жарыкты күзгүлүү бети аркылуу чагылтуу жолу м-н сүрөттөлүштү пайда кылат. Р-лор негизинен асманды сүрөткө тартууда, фотоэлектрдик ж-а спектрдик изилдөөлөргө, айрым учурда көз м-н байкоо жүргүзүүдө пайдаланылат. Күзгүсүнүн түрүнө жараша Р-лордун Ньютон системасы, Грегори системасы, Кассегрен системасы, Ломоносов – Гершель системасы, Ричи – Кретьен системасы колдонулат. Күзгүсүнүн диаметри 6 м болгон дүйнөдөгү эң ири Р. Түн. Кавказдагы Атайын астрофиз. обсерваторияга орнотулган.