Тармактык Энциклопедия:РЕНТГЕН БУЛАКТАРЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
. Биздин Галактикадагы Р. б. негизинен эки классты түзөт: өтө жаңы жылдыздардын калдыктары ж-а аккрециялоочу булактар. Көпчүлүк өтө жаңы жылдыздардын калдыктарында рентген нурлануусунун булагы болуп жылдыз аралык газ эсептелет. Өтө жаңы жылдыздар жарк эткенде анын сырткы кабыкчасы чоң ылдамдык м-н ыргып чыгып, жылдыз аралык чөйрөнү миллиондогон градус темп-рага чейин ысытат. Ушундай темп-рада энергиянын көпчүлүк бөлүгү рентген нуру түрүндө чыгат. Аккрециялоочу жылдыздар кош жылдыздарды элестетет. Анын компакттуу объектиси болуп кадимки жылдыздарга жакын жайгашкан ак кидик, нейтрон жылдыздары же кара көңдөй эсептелет. Айрым бир учурда кадимки жылдыздагы газ ага компакттуу объектиге агып өтөт (ушул процесс аккреция деп аталат). Бул учурда чоң сандагы энергия бөлүнүп, газ өтө жогорку темп-рага чейин ысыйт ж-а толкун узундугу рентген диапазонунда интенсивдүү нурланат. Аккрециялоочу булактардын нурлануусунун өзгөрүп турушуна жараша рентген пульсарлары өчүүчү Р. б-на ж-а рентген жаңы жылдыздарга бөлүнөт.