Тармактык Энциклопедия:ПОЗИЦИЯЛЫК СЫЗЫКТАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– астрон. байкоолордун натыйжаларына дал келгендей жүргүзүлгөн картанын же глобустун бетиндеги сызыктар. Алар байкоочу адамдын жер бетинде жайгашкан ордун аныктайт. Убакыттын белгилүү учурунда аткарылган астрон. байкоолор жылдыздын координатасын аныктоого мүмкүндүк берет. Мис., жылдыздын зениттик аралыгы. Байкоочу өлчөөлөр жүргүзүп өзү түзгөн П. с-дын кандайдыр бир чекитинде жайгашкан болот. Байкоочунун абалын туура аныкташ үчүн эки жылдыз үчүн эки П. с-ты түзүш керек. Бул сызыктардын кесилишкен чекити байкоочунун картадагы ордун так көрсөтөт.