Тармактык Энциклопедия:ПОЗИЦИЯЛЫК БУРЧ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– асман сферасынын бул же тигил чекитинде кандайдыр багытты көрсөтүүчү бурчтук чоңдук. Мис., планетадан анын жандоочусуна карай чийилген багыт ж.б. Позициялык бурч баштапкы чекит аркылуу берилген багытка чейин жүргүзүлгөн жантаюудан саат жебесинин кыймылына карама-каршы багыт б-ча эсептелип, 0дөн 360°ка чейинки маанини алат. Позициялык бурч эки уюлдук координаталардын бири. Анын жардамы м-н асман сферасында кандайдыр бир жылдыздын абалы башка жылдызга карата аныкталат.