Тармактык Энциклопедия:ПЛАНЕТА ТУМАНДУУЛУГУ
Jump to navigation
Jump to search
(Planetary nebula) – асманга телескоп м-н байкоо жүргүзгөндө планеталардын дискасына окшош тегерек диска же шакек түрүндө көрүнүүчү галактика тумандуулугу. Ал суюлтулган ысык газдан турат. Борборунда темп-расы 70 – 150 миң Кге жеткен жылдыз жайгашкан. Бул тумандуулуктун жарык булагынын кызматын аткарат. П. т-нун орточо диаметри 10 миң а.б. Бул тумандуулукту 18-к-дын акырында В. Гершель ачкан. Уран, Нептун планеталарынын алысташына окшош болгондуктан, аталышы ошондон келип чыккан.