Тармактык Энциклопедия:ПЛАНЕТАРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Planetarium) – 1) жылдыздуу асмандын, Күндүн, Айдын ж-а планеталардын сүрөттөлүштөрүн жарым сфера (жарым шар) формасындагы купол-экранга проекциялап көрсөтүүчү аппарат; 2) астрон., космонавтика ж-а Жер ж-дөгү илим б-ча лекциялар өтүлүүчү илимий-агартуу мекеме. Мындай лекцияларды өткөрүү учурунда жасалма жылдыздуу асмандын сүрөттөрүн демонстрациялап көрсөтүү коштолот. П-дин аппараты 1924-ж. Германияда, 1929-ж. Москвада ачылган. П-де жылдыздарды, планеталарды гана көрбөстөн, Күндүн толук тутулуусун да байкоого болот. Мис., Москвада эң жакынкы Күндүн толук тутулуусу 2126-ж. 16-окт. байкалат. Атайын проекторлордун ж-а куралдардын жардамы м-н Күндүн, Айдын, Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер ж-а Сатурндун кыймылдарын, асман экваторун, эклиптиканы, асман меридианын ж. б. асман сферасынын чекиттерин ж-а сызыктарын көрсөтүүгө болот. Көпчүлүк П-лердин түрдүү астрон. кубулуштарды демонстрациялоочу телескоп ж. б. куралдар м-н жабдылган астрон. аянттары бар. П-де окуучулар теориялык изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүүчү ийримдер иштейт.