Тармактык Энциклопедия:ПЛАЗМА
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(plasma) – заттын бөлүкчөлөрүнүн иондошуусу көп болгон өзгөчө агрегаттык абал. Терс ж-а оң заряддар бири бирин нейтралдайт. Иондошуу даражасына жараша начар иондошкон, жартылай иондошкон ж-а толук иондошкон П-га бөлүнөт. Жер атм-расынын жогорку ионосфера катмары табигый шарттагы начар иондошкон П-га кирет. Күн, ысык жылдыздар, жылдыз аралык чөйрө өтө жогорку темп-рада пайда болгон толук иондошкон П-нын мисалы. Жасалма жол м-н алынган газ разряддарындагы ж-а газ разряд лампалардагы П-лар түрдүү даражадагы жартылай иондошкон П. Космос П-сында электрондор ж-а оң заряддалган атом ядролору гана болбостон, кээде терс иондор да болот. П. – заттын төртүнчү абалы.