Тармактык Энциклопедия:ӨТӨ ТАРАМДАЛГАН БУЛУТ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– ийри-буйру тилке түрүндөгү күрөң же боз жука булут. Ал 14 –16 км бийиктиктеги төмөнкү стратосферага жайгашат. Мындай булуттар атм-ранын төмөнкү катмарына көлөкө түшүп, ал эми өтө тарамдалган булуттун катмарына күн нуру тийип турган мезгилде, б.а. Күн баткандан кийин күүгүмдө же эртең м-н Күн чыгарда көрүнөт.