Тармактык Энциклопедия:ӨЗГӨРМӨ ЖЫЛДЫЗДАР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– көзгө көрүнгөн, жылтыроосу өзгөрмө жылдыздар. Ал өзгөрүүлөр ошол жылдыздардын темп-расынын, радиусунун өзгөрүшүнө, конвекциялык кыймылына ж.б-га байланыштуу болот. Бир караганда айрым жылдыздар дайыма эле бирдей жылтырап тургандай көрүнгөнү м-н жакшылап байкаганда кээде жаркырап, кээде бүлбүлдөп көрүнөт. Галактикада байкалган Ө. ж-дын жалпы саны 40 000дей, ал эми башка галактикада 5 000ден ашык. Ө. ж. үч чоң класска бөлүнөт: пульсациялоочу, эрупциялуу (жарылма) ж-а өчүүчү кош жылдыздар. Пульсациялоочу жылдыздардын жаркырашы өтө жай өзгөрөт. Ага цефеиддер, Лира ж.б. кирет. Эрупциялуу жылдыздарга бир жолу же кайталап жарылган сыяктуу бир жарк этүү мүнөздүү. Ага өтө жаңы жылдыздар, жаңыга окшош жылдыздар ж.б. кирет. Пульсациялануучу ж-а эрупциялуу жылдыздар физ. Ө. ж. деп аталат.