Тармактык Энциклопедия:ООРДУК КҮЧҮНҮН ЫЛДАМДАНУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
– оордук күчүнүн аракетинен эркин материалдык чекиттин ылдамдануусу. Мындай ылдамданууга абасыз мейкиндиктен ж-а анчалык чоң эмес бийиктиктен Жерге түшүүчү ар кандай нерсенин оордук борбору ээ. Оордук күчүндөй эле О. к. ы. да Жердин геогр. кеңдигине ж-а деңиз деңгээлинин бийиктигине көзкаранды. О. к. ы-нун болжолдуу орточо мааниси g= 9,8 м/сек2. Бул термин эркин түшүүнүн ылдамдануусу деп да аталат.