Тармактык Энциклопедия:ОБЪЕКТИВ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Objective) – линзалуу же күзгүлүү-линзалуу оптикалык система; оптикалык куралдын негизги бөлүгүнүн бири. Ал нур энергиясын чогултуу ж-а байкалуучу объектинин чыныгы сүрөттөлүшүн пайда кылуу үчүн кызмат кылат. О. линза же линзалар системасы, күзгү же күзгүлөр системасы түрүндө болот. Ал фокустук аралык м-н мүнөздөлөт, к. Телескоп – рефрактор.