Тармактык Энциклопедия:НЕПТУН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:22, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Neptunе) – күн системасындагы Күндөн 8-турган планета. 1846-ж. нем. астроному И. Галле ж-а Генрих д’Аррелер тарабынан ачылган. Күнгө чейин орточо аралыгы 30,06 а.б. же 4500 млн. км. Нептун орбита б-ча 5,4 км/сек орточо ылдамдык м-н Күндү 164,79 жылда толук 1 айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсе (49500 км), көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, массасы 17,28 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы 1,84 г/см3га барабар, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 м/сек2ка жакын. Жылдыз чоңдугу +7m,6га барабар. Н-дун атм-расынын курамында метан, суутек, гелий бар. Жандоочулары Тритон ж-а Нереида. Н. Жерден өтө алыс болгондуктан, аны изилдөө кыйын.