Тармактык Энциклопедия:МИКРОФОТОМЕТР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– фотографиялык пластинкада алынган сүрөттөлүштөрдү окуп-үйрөнүүдө колдонулуучу курал. Фотометрдин жардам м-н өңүнө чыккан негативдин караруу даражасы өлчөнөт. Асман объектилеринин, мис., тумандуулуктардын же жылдыздардын сүрөттөлүшүнүн тыгыздыгын өлчөө м-н тумандуулуктун ар кайсы бөлүкчөлөрүндөгү жаркырактык ж-а жылдыздардын жылтырашы ж-дө түшүнүк алууга болот. М-дин өлчөө тактыгы 0,01 – 0,03 оптикалык тыгыздык бирдигине барабар.