Тармактык Энциклопедия:МЕЙКИНДИК-УБАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– материянын жашоосунун бүтүндөй жалпы формалары; мейкиндик – материалдык объектилердин ж-а системалардын жанаша жашап турушунун формасы, ал материалдык системалардын структуралуулугун ж-а орун ээлөөчүлүгүн мүнөздөйт; убакыт – материянын кубулуштарынын ж-а абалдарынын иреттүү түрдө алмашып турушунун формасы, ал кубулуштардын болуу узактыгын мүнөздөйт. Убакыттын түрдүү касиеттери анын узактыгы, кайталанбастыгы, ал эми мейкиндиктин жалпы касиети орун ээлөөчүлүгү, үзгүлтүктүүлүк м-н үзгүлтүксүздүктүн биримдиги болуп эсептелет.