Тармактык Энциклопедия:МАРСТЫН УЮЛДУК КАЛПАГЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– түн. ж-а түш. уюлдардын айлансында күзүндө пайда болуп, жайында жоголуучу ак тактар. Бул ак тактар Марс жылынын ичинде өзгөрүп турат. 1976-ж. «Викинг-2» космос станциясы түн. уюлдук калпактын үстүндө суу буусунун кескин жогорулашын каттаган ж-а ал калпак планетанын кыртышындагы суунун көптүгүн билгизген көмүр кычкылдыгынын ж-а суу музунун катуу аралашмасынан турарын аныктаган. Кыш ортосунда уюлдук калпак Марстын бетин 50° кеңдикке чейин ээлейт. Жайкысын түн. бөлүгү бүт жоголуп, түш. бөлүгүнүн бир аз жери калат. М. у. к. өтө жука кар катмарынан ж-а аны курчаган тумандан тургандыктан суу өтө аз санда болот.