Тармактык Энциклопедия:МАРСТЫН БЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– М. б-нин рельефи өтө татаал. Бетинде борбордук тоолуу көптөгөн кратерлер, тоо кыркалары, чокулар ж. б. бар. Кумдуу чөлдү элестеткен ачык сары ж-а кызгылт сары түстөгү бөлүгү шарттуу түрдө материктер, караңгы чоң зоналары – деңиз, дөмпөк жери – булуң, караңгы тактары – оазистер, көл деп аталган. Планетанын эң бийик жери «Олимп Кары» жанартоосу (вулканы). О. эле кыртышында зор жаракалар бар. Эни 120 кмче болгон өтө зор жарака 4000 кмдей узундукта созулуп жатат. Марстын Түш. жарым шары Түн. жарым шарына караганда бийик келет. Андагы тоолордун орточо бийиктиги 3 кмден ашат. Планетанын бетинин көпчүлүк бөлүгүн өрөөн ээлейт, анда дайыма чаңдуу туманды пайда кылган шамал болуп турат. Кээде катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, байкоочуга планета көрүнбөй калат. М. б-нде базальт катмарлары, таштар көп болгондуктан качандыр бир убакта анда жашоо болгон болуш керек деп божомолдонот.