Тармактык Энциклопедия:МАГНИТТҮҮ ЖЫЛДЫЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
– А спектрдик класстагы жылдыздар. Бул жылдыздар күчтүү магнит талаасына ж-а хим. курамындагы аномалияларды көрсөтүүчү спектрдик өзгөчөлүктөргө ээ. М. ж-дын магнит талаасынын пайда болушу жылдыз жаралган жылдыз аралык газдардын баштапкы талаасына байланыштуу болот. Магнит талаасынын өзгөрмөлүүлүгү талаанын чыныгы өзгөрүүсүнө көзкаранды болбостон, М. ж-дын айлануусуна көзкаранды. Бул жылдыздардын магнит талаасынын чыңалышы ондогон миң эрстедге (~106 А/м) жетет.