Тармактык Энциклопедия:МАГНИТ БОРООНУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жердин магнит талаасынын күчтүү дүүлүгүшү. Мындай дүүлүгүү учурунда Жердин магнит талаасынын кадимки өлчөмү бузулуп, М. б. бир нече сааттан бир нече суткага созулат. Ал Күн плазмасынын Жердин магнит сферасына келген күчтүү агымынын таасиринен Жер шарынын бардык бөлүгүндө пайда болот. М. б-нун эң чоң интенсивдүүлүгү жогорку кеңдикте байкалат. Ал эскерткич, башталгыч, башкы ж-а калыбына келтиргич фазалардан турат. М. б. магнит куюну деп аталат.