Тармактык Энциклопедия:КЫЗЫЛ ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
– төмөнкү эффективдүү темп-ралуу ж-а өтө чоң радиустуу жылдыздар. Алар негизинен К – М спектр классына тиешелүү ж-а 10-жылдыз чоңдугунчалык жаркырак. Жарыктыгы Күнгө караганда 100 эсе көп, радиусу Күндүкүнөн 10дон 100 эсеге чейин өзгөрүп турат, массасы Күндүн массасынан 15 эсе чоң. Орточо тыгыздыгы Күндүкүнөн (0,001 г/см3) аз. Жылдыздардын эволюциялык теориясына ылайык К. з. ж. борбордук бөлүгүндөгү суутек күйүп кеткенден кийин акырындык м-н пайда болот. К. з. ж-дын ички түзүлүшү өтө татаал. Гелий өтө көп. Мында ядролук реакция жүрбөйт, ошон үчүн ядросу ядролук энергиянын булагы боло албайт. К. з. ж-дын ичинен өзгөрмө жылдыздар да кезигет. Өтө жаркырак жылдыздарына Антарес, Альдебаран, Арктур кирет.