Тармактык Энциклопедия:КҮН МАГНЕТИЗМИ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күн плазмасынын кыймылын иретке салуучу магниттик талаа. Ал Күн бетиндеги күчтүү жарк этүүнү ж-а протуберанецтин болушун ж. б. кубулуштарды шарттайт. Фотосферадагы магнит талаасынын чыңалышы ~1Э (79,6 А/м). К.м-нин мезгилдүү күчөшү Күн активдүүлүгүн аныктайт. Күндүн ичиндеги плазманын татаал кыймылы К. м-нин булагы.