Тармактык Энциклопедия:КҮНДҮН КОНВЕКЦИЯЛУУ ЗОНАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– фотосферанын төмөн жагына жайгашкан 150–200 миң км калыңдыктагы катмары. Бул катмардагы заттар дайыма конвекция кыймылында болуу м-н Күндүн тереңдигинен (түпкүрүнөн) энергияны сырткы бетине алып чыгат. Конвекциялуу агымдын уячалуу түзүлүшү жогорку катмардын түзүлүшү – фотосферанын гранулдарын ж-а хромосферанын спекулдарын толук аныктайт.