Тармактык Энциклопедия:КҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮ
Jump to navigation
Jump to search
– күн атм-расында мезгили м-н болуп туруучу түрдүү кубулуштар. К. а. Күн плазмасынын магниттик касиети м-н тыгыз байланышкан фотосферанын бир бөлүгүндө магнит агымынын көбөйүшү К. а-нүн башталышын билдирет. Магнит агымы көбөйүшү м-н хромосферада жаркырактык көбөйөт. Бул область флоккул деп аталат. Күндүн фотосферасынын ошол эле участкаларында көзгө көрүнүүчү ак жарыктан факелдер байкалат. Факел ж-а флоккул бөлүнуп чыккан жерде энергия көбөйөт, ал магнит талаасынын чыңалышын көбөйтөт. Активдүү бөлүктө флоккул пайда болгондон 1–2 күндөн кийин күн тактары кичине кара чекиттер түрүндө байкалат. Алардын көпчүлүгү тез эле жок болот, ал эми айрымдары ири күңүрт тактарга айланат. Типтүү күн тактарынын өлчөмү бир нече ондогон миң километрге жетет. Күн тактарынын маанилүү өзгөчөлүгү – күчтүү магнит талаасынын пайда болушу. К. а-нүн өтө кубатту көрүнүшү – күчтүү жарк этүүлөр. Алар хромосферанын ж-а таажынын чоң эмес бөлүктөрүндө байкалат. Жарк этүү негизинен Күн плазмасынын кысылышынан пайда болгон жарылыш. Кысылыш магнит талаасынын күчтүү басымы астында болуп өтөт. Жарк этүү Жер атм-расынын жогорку катмарына, ионосферага күчтүү таасирин тийгизет ж-а бир нече геофиз. кубулуштарды пайда кылат. Күн атм-расындагы зор активдүүлүк – протуберанецтер. Протуберанецтер – Күн таажысында пайда болгон же хромосферадан таажыга атылып чыккан тыгыздыгы чоң, ысык газ. Эң күчтүү (максимум) К а. 11 жылда кайталанып турат. Бул К. а-нүн цикли деп аталат.