Тармактык Энциклопедия:КУЮН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– чагылгандуу булуттарда пайда болуп, кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атм-ра куюну. Көпчүлүк учурда жер бетине чейин жетет. Диаметри ондогон ж-а жүздөгөн м болот. К. көпкө созулбайт. Айыл чарбага ж-а курулушка чоң зыян келтириши мүмкүн. Кургактыктагы К. тромб деп да аталат.