Тармактык Энциклопедия:КУЮККАН МЕТЕОРЛОР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– метеордук агымдарга кирбей, кокусунан кездешкан метеорлор. Буларга начар метеорлор, белгисиз же азырынча аныктала элек метеордук агымдар да кирет. Күн системасында өзүнчө орбиталарда айланган кичине планеталардын кагылышынан пайда болгон метеориттер көбүнчө болиддер түрүндө жерге түшүп, пайда болгон астероиддик сыныктар метеоритке айланат. Булар агымга кирбестен өз алдыларынча туш келди көрүнө берет.