Тармактык Энциклопедия:КРЫМДАГЫ АСТРОНОМИЯНЫН ЖАШ ЫШКЫБОЗДОРУНУН КООМУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– 1947-ж. Симферополь шаарында В.Мартыненконун жетекчилиги астында түзүлгөн. Ышкыбоздор бир нече фотокамерадан турган эки метеор күзөткүчүн курушкан, ал аркылуу көптөгөн метеорлордун сүрөтү
ж-а спектрлери тартылып алынган. Метеорлордун тартылып алынган сүрөттөрү б-ча алардын жер бетинен бийиктигин ж-а башка чоңдуктарын аныкташкан. Азыркы күндө Крымдын 30дан ашык айыл-кыштактарында ж-а шаарларында жаш астроном ышкыбоздордун ийрими иштейт.