Тармактык Энциклопедия:КРАБСЫМАЛ ТУМАНДУУЛУК
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– жарык чыгаруучу аморфтуу массаны курчап турган жарык чыгаруучу газ булалуу торчо түрүндөгү тумандуулук; ал 1054-ж. өтө жаңы жылдыздардын жарк этүүсүнө окшогон жылдыздардын сырткы катмарларынын мейкиндикте чачырашынан пайда болгон. К. с. т. үзгүлтүксүз нурлануунун өтө күчтүү булагы. Нурлануунун толкун узундугу радиотолкундан гамма нурлануунун толкун узундугуна чейин таралган. Бул тумандуулуктун магнит талаасынын чыңалышы Н»7•10-4 Э.