АСУНСЬОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Парагвай Республикасынын борбор шаары. Борбордук округ өзүнчө адм. бирдикти түзөт. Калкы 542 миӊ (агломерациясы м-н 1,9 млн, 2010). Парагвай д-ндагы ири порт (ал аркылуу экспорттун 3/4, импорттун 9/10 өтөт). Суу жолу м-н Буэнос-Айрес ж-а Монтевидео ш. м-н
Шаар панорамасы.

байланышат. Жолдор тоому. А-дон транс улуттук автомобиль жолдору ‒ Боливияга (түн.-батышка карай), Аргентинага (түштүккө), Бразилияга (чыгышка) тарайт; Парагвайдагы темир жолдун баштапкы пункту. Эл аралык аэропорту бар. 1537-ж. испан конкистадорлору тарабынан индейлер отурукташкан жерде негизделген. Арх-ра эстеликтери: кафедра собору (1842‒50), ратуша (1604), 17-к-дагы турак жайлар ж. б. Опера театры (1860, учурда Конгресс сарайы), Улуттук клуб (1860-ж. ченде), Каса-Лопес (кийинче рээк өкмөт үйү), Эне Кудай Асунсьон сыйынуу жайы (1854; учурда Улуттук пантеон) курулган. Парагвай (1927), Гуарани тили ж-а мад-ты (1975), Парагвай тарыхы, саясий ж-а социалдык илимдер академиялары, Асунсьон улуттук (1889), Католик (1960) ун-ттери, Улуттук китепкана ж-а архив (1869), Улуттук асем өнөр (1887), карапа ж-а асем иск-во (1938), этногр. музейлери (1929) ж. б. бар. А. ‒ өлкөнүн башкы экон. (а. и. өнөр жай, финансы) борбору. Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш (эт, ун, тартуу, кант, суумай, тоӊ май, тамеки, парагвай матечайын өндүрүү), жеӊил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, булгаары -буткийим), нефть ажыратуу (Сан-Лоренсо), токой (а. и. ийлөө заттары), кеме куруу ж-а курулуш материалдар өндүрүшү. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн.