Тармактык Энциклопедия:КОМЕТАНЫН ПАЙДА БОЛУУСУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кыска мезгилдүү кометалар планеталар системасынын ичинде кыймылда болуп, акырындык м-н бузулушат (талкаланышат). Юпитердин тартылуусунан кээ бир кометалар Күндөн өтө алыс аралыкта кыймылдап, өтө чоң мезгилге ээ болот, б.а. ал кометалардын орбитасынын афелийи Юпитердин орбитасына жакын жайгашкан. Ошондуктан С.К.Всехсвятский кометалар Юпитер ж-а анын жандоочуларынын тобунан мейкиндикке бүркүлүп чыккан заттардан түзүлгөн деп болжолдойт. 1979-ж-дын мартында Юпитердин биринчи жандоочусу Иодо вулкандык аракет байкалгандан баштап ынандырарлык болуп калган.