Тармактык Энциклопедия:КОМЕТАНЫН КУЙРУГУ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күн нурунун таасири астында ядродон учуп чыккан газдардын молекулалары (иондор) м-н чаңдын бөлүкчөлөрүнөн түзүлүп, узундугу ондогон млн. кмге жетет. К. к. Күнгө жакындаган сайын өсүү м-н ага карама-каршы жакка багытталат. Айрым учурда К. к. Жерден Күнгө чейинки аралыкка жетет. Ф. А. Бредихин К. к-нун ийрилиги б-ча анын бөлүкчөлөрүнө таасир эткен күчтү ж-а классификациясын түздү. К. к-нун курамында азоттун бирикмеси, көмүртек, суутек ж-а кычкылтек болот. Кээ бир кометалар түрдүү типтеги бир нече куйрукка ээ.