Тармактык Энциклопедия:КИЧИ ЖЕТИГЕН
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
( Ursa Minor) – Аталышы мифологиядан алынган. Зевстин ымыркай баласын баккан эки нимфанын бири Ида. Топ жылдыз мүнөздүү формага ээ болуп, эң жарык жылдыздары чөмүчкө окшош фигураны түзгөн уюлга жакынкы топ жылдыз. Чөмүчтүн сабынын учундагы четки жылдыз – Алтын казык жылдызы – дүйнөнүн Түн. уюлуна жакын жайгашкан. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнөт.
