Тармактык Энциклопедия:КВАРЦ СААТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү м-н аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал. Убакытты эсептөөнүн тактыгы кварц генераторунун термелүү жыштыгынын туруктуулугуна ж-а анын сапаттуулугуна көзкаранды. К. с-да генератордон башка термелүү жыштыгын өзгөрткүч, синхрондуу кыймылдаткыч ж-а так убакыттын сигналын берүүчү тиймектүү түзүлүштөр бар. Кичине өлчөмдөгү батарея м-н иштейт, циферблаттын милдетин суюк кристалл аткарат. Кол К. с-нын кээ бир моделинде секундомери, ойготкучу ж-а календары бар. К. с-нын жардамы м-н убакыттын интервалын 10 – 10 тактыкка чейин өлчөөгө болот. 


oko-planet.su www. oko-planet.su