Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР МОДЕЛИ
Jump to navigation
Jump to search
– массасы ж-а хим. курамы белгилүү болгон жылдыздарда заттын басымынын, тыгыздыгынын ж-а темп-расынын теориялык жоболордун негизинде эсептеп чыгарылган бөлүнүштөрү. Ж. м-н түзүү газдуу жылдыздын мех. ж-а жылуулук теңсалмактуулугун аныктоого негизделген. Ж. м. хим. курамы б-ча бир тектүү ж-а бир тектүү эмес, жөнөкөй ж-а татаал, абалдын теңдемеси м-н энергия ташыгычы б-ча көп фазалууга айырмаланат. Жылдыздардын эң жөнөкөй модели конвекциялуу ядродон ж-а кур кабыкчадан (оболочкадан) турат. Суутек гелийге өтүүдөгү ядролук реакциянын натыйжасында жылдыздын конвекциялуу ядросунда анын бардык энергиясы бөлүнүп чыгат. Көгүлтүр ысык жылдыздардын борборунун темп-расы 30 млн. градуска, тыгыздыгы 2 г/см3га жетет. Күндүн борборунун темп-расы 15 млн. градуска жакын, тыгыздыгы 100 г/см3; кызыл кидик жылдыздын борборунун темп-расы 10 млн. градуска, тыгыздыгы 1000 г/см3 га жакын.