Тармактык Энциклопедия:ИМПУЛЬСТУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(көп импульстук) УЧУУЛАР – космостук аппараттардын кыймылдаткычтарын кыска мөөнөткө (же көп ирет кыска мөөнөткө) иштетип учуусу. И. у. космос кемесинин орбитасын оңдоо, бир орбитадан экинчи орбитага өтүү, асман телосунун бетине конууда ар кандай ыкмаларды жасоо ж. б. учурларда зарыл болот. Мындай учуулар хим. жылуулук кыймылдаткычтардын жардамы м-н ишке ашырылат, ал эми келечекте ядролук жылуулук кыймылдаткычтар колдонулмакчы. Ушундай кыймылдаткычтар м-н Жердеги оордук күчүнүн ылдамдануусунан (g) бир нече эсе чоң ылдамдануулар алынат. Ал эми азыр иштелип чыгып, сыналып жаткан электрдик ракета кыймылдаткычтары кичине эле (10-5gдан 10-3gга чейин) ылдамданууларды бере алат. Мындай кыймылдаткычтар космос кемесин Жерден учура албайт, бирок көп убакыт тынымсыз иштеп, кемени Жердин айланасындагы орбитадан башка каалаган планетанын айланасындагы орбитага алып чыга алат.



lenta.ru www. lenta.ru