АСТРАХАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Россия Федерациясындагы шаар, Астрахань обл-нун адм. борбору. Волга д-нын дельтасында жайгашкан. Волга м-н Каспийде ги маанилүү порт. Калкы 532,7 миӊ (2015). Темир жол тоому. Башкы өнөр жай тармакта ры: жеӊил, тамак-аш (а. и. балык), машина куруу ж-а металл иштетүү (кеме куруу ж-а ремонттоо, тепловоз ремонттоо), хим., жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы өнүккөн. Темир жолдон деӊиз ж-а дарыя транспортуна жүк (негизинен жыгач материал ж-а нефть) өткөрүү ж-а жүк алуу пункту жайгашкан. А-да 20 ЖОЖ (филиалдары м-н), 3 театр, сүрөт галереясы, тарыхый-архит. музей-корук бар. 13-к-дан белгилүү. 16-к-дын башында Астрахань хандыгынын борбору, 1556-жылдан Орус мамл-нин карамагына өткөн. Успенье ж-а Троица соборунан турган кремль (16-к-дын аягы 17-к-дын башы) сакталган.