Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ БИРИКМЕЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Stellar association) – Галактиканын спираль тарамы б-ча жайгашкан эң жаш массивдүү (массалары 102– 103 күн массасын түзгөн) жылдыздардын чачыраган тобу. Жылдыз ассоциацияларынын спектр класстары же өздүк кыймылдары алар бир жерден пайда болгондугун көрсөтөт. Жылдыз тыгыздыгы аз болгондуктан өз ара тартылуусу аларды бирге кармап тура албайт, ошондуктан алар Галактиканын айлануусунан чачырайт. “Жылдыз ассоциациясы” деген терминди 1947-ж. В. А. Амбарцумян киргизген. Бирикменин эл аралык белгилениши топ жылдыздардын атынан, андан кийин спектр классынын тамгасынан ж-а цифрадан турат ж. б. О ж-а В спектрдик класстарындагы ОВ-бирикмеси ж-а жылтыроосу туура эмес термелүүчү өзгөрмөлүү жылдыздарды камтыган (мис., Букачардын Т тибиндеги) Т-бирикмеси.