Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АРАЛЫК ЧӨЙРӨНҮН ПАЙДА БОЛУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жылдыз аралык чөйрө сейрек газдан, чаңдан, магнит талаасынан ж-а космостук нурлардан турат. Жылдыз аралык газ суутек, гелий, бир аз көмүртек, кычкылтек, азот, натрий, кальций, темир, титан ж. б-лардан турат, Астрономдор радионурлануунун сызыктары б-ча жылдыз аралык чөйрөдөн бир нече ондогон типтеги молекулаларды табышкан. Жөнөкөй эки атомдуу СН, СО, СN молекулаларынан тартып кумурска кычкылдыгынын, этил же метил спиртинин молекулаларына чейин бар, бирок суутектин молекулалары Н2 баарынан көп таралган. Молекулалык булуттардын тыгыздыгы м-н темп-расы газдын кысылышына, өздүк гравитациянын таасири астында тыгызданууга шарт түзөт. Бул процесс жылдыздардын пайда болушуна алып келет. Жылдыз аралык газдын жылдызга айлануусунан анын Галактикадагы запасы акырындык м-н азаят. Бирок жылдыздардагы газдар да жылдыз аралык чөйрөгө чыгат. Мындай процесс жаңы ж-а абдан жаңы жылдыздардын жарк этүүсүнөн жылдыз бетинен заттар агып чыкканда ж-а планеталык тумандуулуктар пайда болгондо жүрөт. 
Жылдыз аралык чаң кычкылтек, кремний ж-а ар түрдүү тоңгон газдардан турушу мүмкүн. Чаңдын ядролору муздак алп жылдыздардын атм-расында пайда болот ж-а жылдыздын жарыгынын басымы астында жылдыз аралык чөйрөгө чыгат, анда аларга суутектин, суунун, метандын, аммиактын ж. б. газдардын молекулалары кошулат. 

Космос нурлары абдан жаңы жылдыздар жарылганда пайда болот деп болжолдонот. Тез айлануучу, магниттелген нейтрон жылдыздары да заряддалган бөлүкчөлөргө чоң энергия берүүгө жөндөмдүү. Галактиканын ядролору, радиогалактикалар да космос нурларынын булагы болушу мүмкүн. Чоң энергияны алгандан кийин космос нурлары Галактикада ондогон миллион жылдар бою кыймылда болот ж-а акырында жылдыз аралык газдын атомдору м-н кагылышып энергиясын жоготот. Жылдыз аралык чөйрөнүн түзүүчүлөрү өз ара тыгыз байланышкан, алардын бири-бири м-н болгон аракеттери абдан татаал ж-а азыр да толук айкын эмес.


www.fantazin.ru