Тармактык Энциклопедия:ЖУТУЛУУНУН ФРАУНГОФЕР СЫЗЫКТАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Күн ж-а жылдыздардын спектриндеги жутулуу сызыктары; аларды 1814-ж. Фраунгофер изилдеген. Ал эң көрүнүктүү тогуз сызыкты (кызыл учунан баштап) А, В, С, Д, Е,G,H ж-а К тамгалары м-н белгилеген. А ж-а В тилкелери (толкун узундугу l~7600 ж-а l~7100 ге жакын) акыркы убакта жердин атм-расында кычкылтектин жутулуусунан пайда болуучу теллурдук сызыктардын тобу катары белгилүү, ал эми С м-н F-бул Ha ж-а Hb м-н бирдей.