Тармактык Энциклопедия:ЖЕР ОРБИТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин Күндү айланып кыймылдаган жолу. Башка планеталар сыяктуу Жер Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы б-ча кыймылдайт. Бул эллипстин бир фокусунда Күн турат, чоң жарым огу (б.а. Жер м-н Күндүн борборлорунун орточо аралыгы) астрон. бирдик (а.б.) деп кабыл алынган. Орбитада Жерден Күнгө чейинки аралыктар ар башка; перигелийде (3-янв.) ал орточо аралыктан (149,6 млн. км) 2,5 млн. кмге аз, ал эми афелийде (3-июлда) ошончо эсе көп. Жердин экватор тегиздиги орбита тегиздигине 23°27' бурч м-н жантайган. Жердин өз орбитасындагы ылдамдыгы 30 км/сек. Жер, о. эле күн системасынын курамында Галактиканын борборун тегеренип айланат (ылдамдыгы 250 км/с).