Тармактык Энциклопедия:ЖЕР ОРБИТАСЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жердин Күндү айланып кыймылдаган жолу. Башка планеталар сыяктуу Жер Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы б-ча кыймылдайт. Бул эллипстин бир фокусунда Күн турат, чоң жарым огу (б.а. Жер м-н Күндүн борборлорунун орточо аралыгы) астрон. бирдик (а.б.) деп кабыл алынган. Орбитада Жерден Күнгө чейинки аралыктар ар башка; перигелийде (3-янв.) ал орточо аралыктан (149,6 млн. км) 2,5 млн. кмге аз, ал эми афелийде (3-июлда) ошончо эсе көп. Жердин экватор тегиздиги орбита тегиздигине 23°27' бурч м-н жантайган. Жердин өз орбитасындагы ылдамдыгы 30 км/сек. Жер, о. эле күн системасынын курамында Галактиканын борборун тегеренип айланат (ылдамдыгы 250 км/с).