Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жердин борбордук бөлүгү. Ядрону курчап жаткан катмар мантия, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил ж-а оңой эриген заттардан турган эң үстүңкү катмар жер кыртышы деп аталат. Ж. я-нун радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро ж-а субъядрого бөлүнөт. Аларды калыңдыгы 300 км келген өтмө зона бөлүп турат, ал көбүнчө сырткы ядрого кошулат. Жердин ички түзүлүшү жер титирегенде же жарылууларда пайда болгон мех. термелүүлөрдүн Жердин ар кандай катмарлары аркылуу өтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү б-ча баамдалат. О. эле тереңден чыккан жылуулук агымдарынын чоңдугун, массасын, инерция моментин ж-а уюлдук кысылуусун ченөөнүн жыйынтыктары да пайдаланылат. Тышкы ядро суюк абалда, себеби суюктукта тарала албаган туурасынан болуучу толкундар ал аркылуу өтө албайт. Жердин магнит талаасы ушул суюк ядродон пайда болушу мүмкүн. Ал эми ички ядро катуу деп болжолдолот. Мантиянын төмөнкү чегинде басым 130 ГПага чейин жетет, темп-расы 5000 Кден ашпайт. Жердин борборундагы темп-ра 10 000 Кге чейин жетет.