Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН МАГНИТ ТАЛААСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жер планетасынын бир өзгөчөлүгү. Компастын магнит жебеси жер бетинде дайыма түндүккө багытталат, ал деңиз ж-а аба навигациясында чоң мааниге ээ. 1701-ж. X. Галлей биринчи магнит талаасынын картасын басып чыгарган. Азыр магнит талаасынын картасы Жердин жасалма жандоочуларына орнотулган магнитометрлердин жардамы м-н да түзүлөт. Магнит талаасынын графиктик сүрөттөлүшүн алууда анын күч сызыктары курулат. Күч сызыктын ар бир чекитине жүргүзүлгөн жаныма талаанын багытын көрсөтөт. Күч сызыктардын жыштыгы магнит талаасынын чыңалышынын чоңдугун мүнөздөйт. Жердин магнит талаасы огу Жердин борбору аркылуу түн-төн түш-кө өтүүчү ж-а анын айлануу огуна 11°тук бурч м-н кыйшайган магниттин талаасына окшош. Жердин борборунан 436 кмче сыйлыгышкан диполдук талаа Ж. м. т-на андан да жакын. Магнит талаасынын чыңалышы уюлда 0,62 Гс, экватордо – 0,31 Гс. Түн. магнит уюлунун координаталары түн. кеңдиктин 76°, батыш узундуктун 102°; түш. уюлдуку – түш. кеңдиктин 66°, чыгыш узундуктун 140°. Таза диполдук талаадан кыйшаюулар көп байкалат. Азыркы учурда диполдун түн. уюлу түш. жарым шарда жайланышкан. Ж. м. т-нын пайда болушу планетанын суюк килкилдек ядросундагы электр тогунун аракетине байланыштуу деп болжолдоого болот. 
Узак убакыт бою Жердин диполдукуна окшогон магнит талаасы планета аралык мейкиндикте чексиз созулуп жатат деп эсептелген. Космостук аппараттар м-н ченөөлөр мындай эмес экендигин аныктады. Ж. м. т. Күндөн тынымсыз чыгып туруучу иондошкон газдын – Күн шамалынын жолунда тоскоол болуп, чектүү областты гана ээлейт. Күндүн жарыгы түшкөн жакта бул область Жердин радиусунан 10–15 эсе көп радиустуу сфера м-н чектелген, ал эми көлөкө жагында Жер радиусунан бир нече миң эсе чоң аралыкка созулуп, геомагниттик куйрукту пайда кылат да, бул область Жердин магнит сферасы деп аталат, анын күч сызыктары Жер м-н байланышкан. Магнит сферада электр тогунун татаал системасы орун алган. Бул токтун ж-а ионосфералык токтун тез өзгөрүүсү магнит бороонун пайда кылат.


Магнит.jpg