Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН КЫЙМЫЛЫ
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Жердин эллипс орбитасы б-ча Күндү айланышы. Жердин орбитасынын фокусунда Күн турат да бир жылдын ичинде Жер м-н анын ортосундагы аралык 147 млн. кмден (перигелий) 152 млн. кмге (афелий) чейин өзгөрөт. Жердин орбита б-ча кыймылынын орточо ылдамдыгы 30 км/сек. Жер Күн м-н бирге Галактика борборун айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн. жыл). Жердин Күндү айланып чыккан мезгили ж ы л деп аталат. Жер өз огунда айлануу м-н күн ж-а түндү пайда кылат, бир жолу айлануу мезгилинин убакыт бирдиги сутканы түзөт.