Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫН БАЙКОО
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Жандоочунун абалын, кыймыл закондорун, ага чейинки аралыкты аныктоо. Байкоодо оптикалык аспаптар (телескоп, дүрбү ж. б.) колдонулат, мында байкоочунун иш тартиби, аспаптарга коюлган талаптар, байкоочунун орду, байкоонун маалыматтарын белгилөө ж-дөгү эрежелер так аткарылышы керек. Эң негизги талаптар: жылдыз картасында жандоочунун кыймыл жолу ж-а белгилүү жаркырак жылдыздардын жанынан өткөн убактысын белгилөө. Убакыт секундомер б-ча 0,2 секга чейинки тактык м-н ченелет.