Тармактык Энциклопедия:ЖЕР АТМОСФЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Жерди курчап турган газ катмары. Ал негизинен азот, кычкылтек ж-а аргондон турат (к. Жер), Ж. а. шарттуу түрдө 5 катмарга бөлүнөт: тропосфера, стратосфера, мезосфера, ионосфера, эквосфера. Океан бетиндеги атм-ра басымы ~0,1 МПа. Эволюция процессинде Ж. а. көп өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Тоо тектери м-н хим. аракеттешүүнүн ж-а биосферанын таасири астында кычкылтек м-н байып, азыркы абалга келген. Жердеги ташкөмүр кендери м-н чөкмө тектердеги чоң карбонат катмарлары буга далил боло алат, себеби алар эң көп сандагы кемүртектен турат. Көмүртек мурда Ж. а-нын курамында болгон. Окумуштуулар байыркы атм-ра жанар тоолордун атылышынан чыккан газдардан пайда болгон деп эсептешет. Байыркы тоотектеринде (3,5 млрд. жыл) кармалган газдар көмүр кычкыл газынан (~60%) ж-а күкүрт бирикмелеринен, аммиактан, хлордуу ж-а фтордуу суутектен (~40%) турган. Бардык кычкылтек хим. байланышта болгон. Атм-рада 4 млрд. жылга чейин эркин кычкылтек болгон эмес, анткени ошол жаштагы геологиялык катмарларды изилдегенде кычкылданбаган, бирок өтө жеңил кычкылдануучу заттар (мис., күкүрттүү натрий сыяктуу) табылган. Күн нурунун таасири астында суу буусунан бөлүнүп чыккан кычкылтек атм-радагы аммиак, күкүрт суутеги, метан, көмүркычкыл сыяктуу күйүүчү газдарды кычкылданткан. Аммиактын кычкылдануусунан азот бөлүнүп чыгып, атм-рада эркин кычкылтектин саны азыркынын 10%ин түзгөн, ал эми 400 млн. жыл мурун Жердеги чытырман токойлордун дүркүрөп өсүшүнө байланыштуу атм-рада кычкылтек тез көбөйө баштаган. 
Азыр Ж. а. адамдардын ишмердигинин таасиринен булганып, парник эффектиси түзүлүүдө. Буга каршы күрөшүү бардык адамзаттын милдети. 

АТМОСФЕРА.jpg


gazeta.aif.ru www.gazeta.aif.ru