Тармактык Энциклопедия:ЖЕР
17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата MMEE_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(Earth) – күн системасынын бир планетасы; Күндөн үчүнчү туруп жашоо өкүм сүргөн жапжалгыз планета. Ж-дин экваториалдык диаметри 12756 км. Күндүн айланасында эллипстик орбита б-ча 149,6 млн. км орточо аралыкка 365,24 орточо күн суткасына барабар болгон айлануу мезгили м-н 29,765 км/сек орточо ылдамдыкта айланат. Орбитанын чоң жарым огу, б.а. Ж. м-н Күндүн борборлоруна чейинки аралык (150 млн.км) астрон. бирдик (а.б.) катары кабыл алынган. Бул аралык орбитанын ар кандай чекиттеринде бирдей эмес, мис., перигелийде (3-янв.) 147 млн. км, афелийде (3-июль) 152 млн. км. Ж. экваторунун тегиздиги орбитанын тегиздигине 23о27' бурч м-н жантайган, бул Ж-деги жыл мезгилдеринин алмашуусунун себеби болуп саналат. Ж-дин 1 табигый жандоочусу бар, ал – Ай. Ж. бетинин көп бөлүгүн Дүйнөлүк океан (361 млн. км2 же 71%ин), калган бөлүгүн (149 млн. км2 же 29%ин) кургактык ээлейт. Дүйнөлүк океандын орточо тереңдиги – 3900 м. Кургактык бетинин эң жогорку темп-расы 57–58°С, эң төмөнкү темп-сы – 90°Сге жакын. Жердин чыныгы формасы – г е о и д, ал экватордогу радиусу 6378 км, уюлдагы радиусу 6357 км болгон айлануу эллипсоидине жакын. Жердин суткалык айлануу мезгили 23с 56' 4,1", айлануу огу түн-төгү Кичи жетигендин aсына (Алтын казыкка) жакын өтөт. Бетинин аянты 510,2 млн. км2, көлөмү 1,083х1012км3, орточо тыгыздыгы 5518 кг/м3, массасы 5976х1021кг. Ж. магнит талаасына ж-а ага тыгыз байланышкан электр талаасына ээ. Ж-дин магнит уюлу түн. уюл м-н дал келбейт, анын координаталары болжол м-н түн. кеңдиктин 76оунда, батыш узундуктун 101өунда. Түш. магнит уюлу Антарктикада (түш. кеңдиктин 66°, чыгыш узундуктун 140°). Жер атм-ра м-н курчалган, анын төмөнкү катмарлары негизинен азоттон (~78%), кычкылтектен (~21%) ж-а аргондон (~1 %) турат, көмүр кычкыл газы абдан аз (~0,03%).
Ж. Күндү 1 жылда, б.а. 365, 2564 суткада бир айланып чыгат, орбитадагы ылдамдыгы ~30 км/с.